• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда абанын булганышына каршы кандай чаралар көрүлүүдө?

Коом 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Климаттык фонд борборунун директору Дастан Абдылдаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстанда абанын булганышына каршы кандай иштер жүргүзүлүп жатканын айтып берди.

Анын айтымында, алардын бири КР президентинин “Климаттык туруктуулук жана тоолордун экосистемасын калыбына келтирүү” жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгы.

“Президенттин жарлыгын аткаруунун алкагында министрлер кабинетинин “Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планы” бекитилип, анда абанын булганышын азайтууга багытталган иш-чаралар камтылган. Мындан тышкары, министрлик тарабынан дагы эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте бир катар долбоорлор иштелип чыгууда. Абанын булганышына алып келген эң негизги фактор унаадан чыккан газ болгондуктан учурда Азия өнүктүрүү банкы, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы жана Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен газ жана электр кубаты менен жүрүүчү унааларды сатып алуу, алардын санын көбөйтүү жана аларга шарт түзүп берүү боюнча иштер жүрүүдө”, - деди ал.

Мындан тышкары, ал Кыргызстанда “Таза шаар” долбоору башталганын белгиледи.

“Бул долбоордун негизги максаты абанын булганышына алып келген факторлордун деңгээлин аныктоо болуп саналат. Бул ошол эле Жылуулук электр борборунун, унаалардын, жаңы конуштардагы көмүр жагуунун кесепетинен келтирилген зыяндуулукду изилдеп чыгып, анын жыйынтыгы менен инвестициялык иш-чараны иштеп чыгууга багытталган долбоор. Бул жаңы башталган долбоор болгондуктан кийинки жылдан баштап өз жемишин бере баштайт деп ойлойм”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда абанын булганышы боюнча сап башында Бишкек, Ош, Кара-Балта жана Токмок шаарлары турат. Бул шаарлардын абасын булгоочу негизги заттар: азоттун диоксиди, азот оксиди, формальдегид, көмүртек кычкылы, чаң жана анын майда фракциялары (бул зыяндуу аралашмалардын акыркы бешөөсү Бишкек шаарында гана аныкталган).

Пикир

Оставить комментарий