• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кадамжайда түндө ата-баланы атып кетишкен. Окуянын чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек. 19.10.22. /Кабар/. Кадамжайда түн ичинде ата-баланы өлтүрүп кетишкен. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 18-октябрда болжол менен саат 22:30дар чамасында Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Көк-Талаа айылында болгон. Белгисиз адамдар аталган айылдын 61 жаштагы тургуну Ш.К. жана 29 жаштагы К. у.Рны аныкталбаган ок атуучу курал менен атып, 59 жаштагы Ш.М. аттуу аялды уруп, денесине жараат келтирип, из жашырып кетишкен.

Бул маалымат ошол эле түнү Кадамжай РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге Кадамжай РИИБдин начальниги К. Козубаев ыкчам тергөө тобу менен барган.

Маалым болгондой, 18-октябрда болжол менен саат 22:00дөр чамасында үйгө белгисиз жарандар белгисиз куралдар менен кирип, эс алып жаткан 61 жаштагы Ш.К.ны көкүрөк жана бетине, 29 жаштагы К.у.Р. аттуу уулун башына атып, 59 жаштагы Ш.М. (аял киши) башына балта менен урушкан.

Ошондой эле кылмышкерлер мал сарайын өрттөп, короодо токтоп турган Honda CR-V үлгүсүндөгү унаасын өрттөөгө аракет кылышкан. Шектүүлөр окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.

Ата-бала окуя болгон жерден каза болушкан, аял киши Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген.

Жогорудагы окуя Кадамжай РИИБнин КБРне КР Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Каза болгон жарандарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, атайын тергөө тобу түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий