• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектеги батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Бишкектеги батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, куткаруучулар М.Ауэзов көчөсүндө жайгашкан №1А үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. "Батирдин ичинен 1973-жылы туулган М.А. аттуу эркек кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий