• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кадамжай районунун Алыш айылында сел жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Алыш айылында катуу жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, сел 1-август күнү саат 21:30дар чамасында жүргөн.

ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнүн алдын ала берген маалыматы боюнча, Алыш айлында 17 турак үйдүн короосун, анын ичинен 7 турак үйдүн жер телөөсүнө сел суулары кирген. Сел кетүүчү сай ичиндеги 4 чакырым ички чарбалык жолду бузуп кеткен, учурда каттам кыйынчылык менен өтүүдө.

Сай жээгиндеги 13 огороддун жээгин алып, эрозия жараткан. Сугат суу берүүчү каналдын 3 жерине кум аралаш шагыл толтурулуп, РЭС ишканасына караштуу 4 столбаны бузуп кеткен.

Ошондой эле Үч-Коргон айыл аймагынын Валакыш айылындагы сел кетүүчү сайдан сел жүрүп, сай ичиндеги 700 метр ички чарбалык жолду бузган.

Сел жүргөн аймакта Кадамжай райондук ӨКБнүн башчысы Р. Айтиевдин башчылыгында улук лейтенант А.Алимбердиев жана райондук ЖК комиссиясы иликтөө, тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Көтөрмө а/а Кызыл-Булак айылындагы сел кетүүчү сайдан сел жүрүп, сай ичиндеги 200 м ички чарбалык жолду бузган. Азыркы убакта ЖК комиссиясы иликтөө тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий