• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө кар көчкүдө калган Бельгиялык турист каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 20.02.19 /Кабар/. Бельгиядан келген турист Ысык-Көлдө кар көчкү астында калып каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык кечээ, 19-февралда 16:00 чамасында болгон.

37 жаштагы Дриз Эмиль Кукенс жана анын карындашы 33 жаштагы Кларт Март Кукенс Кыргызстанга эс алганы келишкен.

Ак-Суу районундагы Боз-Учук капчыгайында лыжа тээп жүрүшкөн кезде кар көчкү жүрүп, аялды басып калган.

Туристтерди коштоп жүргөн гид жана анын агасы кар алдында калган аялды 3-4 сааттын ичинде таап, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн, бирок алардын аракеттери жардам берген эмес.

Каза болгон аялдын сөөгү Каракол шаарындагы оорукананын моргуна жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий