Совет мезгилинен мураска калган Кыргызстандын өндүрүш тармагы өлкө эгемендүүлүккө жеткен 30 жыл аралыгында талкаланып, мамлекеттик мүлктүн көп бөлүгү менчиктештирилип, өндүрүштүк ишканалар жеке колго, инвесторлорго убактылуу башкарууга берилип кеткен. Миңдеген жарандарды иш менен камсыз кылган өндүрүш тармагы токтоп, мекендештерибиздин көбү миграция, соода-сатык жана дыйкан-фермерлик менен гана жан багууга өтүшкөн.
2022-жылы Кыргыз өкмөтү улуттук экономиканы крисизтен чыгаруу максатында өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзчү өндүрүш ишканаларын өз колуна алып, билек түрө ишке киришкенин жарыялады. Алгачкы кадам мурда менчиктештирилип кеткен ири ишканаларды мамлекетке кайтаруу менен башталды. Мамлекет тарабынан өнөр жай ишканаларын жандандыруу, ири жана чакан өнөр жай ишканаларын ачууга өзгөчө көңүл бурула баштады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айткандай, бир мык да чыгарбаган өлкөбүз автоунаа чыгарган өлкөгө айланды. 2023-жылдын соңунда министрлер кабинети тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 ишкананы ачуу амбициялуу планы коюлуп, бүгүнкү күндө ийгиликтүү ишке ашууда. Эгемендүүлүк күнүнө карата 50дөн ашык социалдык объектилер, 40ка жакын өнөр жай ишканалары ачылды. Алар кичи ГЭСтер, курулуш материалдарын чыгаруучу заводдор, соода-логистикалык борборлор, текстиль фабрикалары жана башка ишканалар. Сап башында турган Чүйдүн Кемин районунда ачылган "Терек-Таш" клинкер заводун жана Ысык-Атада курулган цемент заводун айтсак болот. Жыл аягына чейин республика боюнча 130дан ашык өндүрүштүк жана социалдык объектилердин ачылышы күтүлүүдө. Алар: Кадамжайда Исфайрам-1, Ноокатта Курак-Тектир чакан ГЭСтери, Ат-Башыда "Кара-Булак" соода-логистикалык аймагы, эт комбинаты, Нарында "Миң-Булак" курулуш материалдар ишканасы, Жайылда "Жунда" мунай заводу, Кара-Балтада алтын куймаларын чыгаруучу завод, Сузакта мунайды кайра иштетүүчү завод, Чаткалда алтын иргөөчү фабриканын ачылышы каралган.
Мык да чыгарбаган өлкө кантип автоунаа чыгарат деген суроо жаралса керек, бирок бул бүгүнкү күндүн чындыгы. Биринчи жолу Чүйдүн Москва районунда Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен “Тулпар Моторс” унаа чыгаруучу заводу ачылды. Аянты 4,5 гектар жерди ээлеген заводдо жылына 10 миң даана унаа чыгарылып, бул кубаттуулук кийин 30 миң унаага чейин жетери маалымдалган. Завод жеңил жана жүк ташуучу унааларды, автобустарды чогултат.
“Бүгүн биз жөн гана жаңы завод-фабрикаларды ачпастан, өлкөбүздүн өнөр жайында көз карандысыздыкты камсыз кылган жаңы доордун башталышын да белгилеп жатабыз. Бул ишканалар жаңы жумуш орундарын түзүп, экономиканын өсүшүнө, элдин жашоо сапатынын жакшырышына жана өлкөнүн технологиялык деңгээлинин көтөрүлүшүнө зор салымын кошот. Жаңы ачылган ишканалар прогресстин символу болуп, келечекте өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, ал эми жаңы ачылган мектеп, бала бакчалар билим сапатын арттырууга жол чабат деп ишенем. Бүгүнкү күндө биз ачып жаткан 100 объект ар бир жарандын жашоосун өзгөртүүгө жана экономикалык жылышка негиз болоруна толук ишенем”, – деп билдирди Садыр Жапаров Кеминдеги клинкер чыгаруучу заводдун ачылышында.
Экономика илимдеринин доктору Адиля Абдиеванын айтымында, 30 жылдын ичинде бир фабриканын ачылышы бүтүндөй бир чоң окуя болгон, азыр алар жүздөн ашык катары менен ачылып жатат.
“Жаңы завод жана фабрикаларды ачууда бюджеттенби же инвестициялык каражатпы айырмасы жок биринчи кезекте каржылоо керек. Ушул учурга чейин республиканын бюджетинин тартыштыгы абдан чоң болгон, бирок 2023-жылы эле биз профицитти байкадык. Бүгүнкү күндө мамлекеттин экономикалык, бюджеттик-фискалдык жана инвестициялык туура саясатынан улам, социалдык чөйрөнү гана өнүктүрбөстөн, экономикага да өзгөчө көңүл бурулууда. Экономика - бул биринчи кезекте реалдуу секторду өнүктүрүү, ири, орто чарба субъекттерин ачуу, чакан ишканаларды жана чарбаларды ачуу жана колдоо”,- дейт Адиля Абдиева.
Ошондой эле Кыргызстандын өндүрүштүк потенциалын жогорулатуудагы маанилүү кадам катары 2021-жылдын аягында "Кыргызиндустрия" мамлекеттик ачык акционердик коомунун түзүлүшү. Жеңил өнөр жай, транспорт, курулуш тармактарын өнүктүрүүгө багытталган 14 өндүрүштүк ишкананын башын бириктирген бул компаниянын алдында бир катар өндүрүш ишканалары бар. Алардын бири топчу чыгарган “Кыргыз топчусу” мамлекеттик ишканасы 2023-жылы ишке кирген. Аталган ишкананын изилдөөсү боюнча Кыргызстанда буга чейин жылына 10 миллион долларга чет өлкөлөрдөн топчу сатып алынган. Ошондой эле, “Кыргызиндустриянын» дагы бир туунду ишканасы «Кыргызэлектроника» ЖЧКсы өз өндүрүшүнүн негизинде Meken брендиндеги ноутбуктарды чогултуу процессин баштады. Эми Кытайда эмес, Кыргызстанда чогултулган Meken брендиндеги ноутбуктары колдонууга чыкмакчы.
Абдиева белгилегендей, буга чейин революциялар, коррупциянын жана кылмыштуулуктун өсүшү өлкөнү артка тартып, саясий туруксуздук инвесторлорго иштөөгө мүмкүнчүлүк берген эмес. Ал эми азыр өлкөдө саясий туруктуулук орун алып, биз инвесторлордун бардык тараптар боюнча акча каражаттарынын корголушуна кепилдик бере алабыз. Учурда ички жана чет элдик инвесторлор биздин өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн каражаттарын сарптоого кызыкдар болушууда.
Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде да бардык инвесторлорго эшик ачык экендигин маалымдаган.
“Инвесторлор менен иштегиле. Өлкөгө инвесторлорду тарткыла. Тапкан пайдаңарды эч качан мамлекеттен тышка ташыбагыла. Тескерисинче, сырттан мамлекетке ташыгыла. Мына ошондо Кудайдын алдында да, кыргыз элинин алдында да жүзүңөр жарык болот”,- деп баарына айтарын билдирип өттү.
Таштандынын көлөмүн, өндүрүштүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга багытталган “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун филиалы болгон Чүйдүн Токмок шаарындагы унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү заводу, 8 ай сыноо режиминде 900 миң килограмм шиналарды кайра иштеп чыкты. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кайра өндүрүлгөн товарлар өлкөдө гана эмес, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттерине дагы чыгарыларын билдирди.
“100 жылдыкка карата ачылган ишкана, завод-фабрикалардын келечеги кең. Жалпысынан долбоорлордун бардыгы техникалык-экономикалык негиздемелердин алкагында ачылган ишканалар болду деп эсептейм. Бардыгы учурдагы рыноктун талабына жооп берчү товарларды чыгарган, кызматтарды көрсөткөн ишканалар. Өнөр жай ишканаларын ачууга министрлер кабинети жер, каражат бөлүп берип абдан жакшы колдоо көрсөтүүдө. Ишкерлер да өздөрүнүн идеяларын айтып, активдүүлүгүн көрсөттү. Жакынкы аралыкта бул ачылган ишканалар өз жемишин берип, экономиканы мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө болмокчу”, - деди соода-өнөр жай палатасынын алдындагы экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү комитетинин төрагасы Бакыт Дегенбаев.
Ошондой эле, бардык тармактар менен катар саламаттык сактоо багыты көз жаздымда калган жок. Кыргызстанга дары-дармектердин 97 пайызы сырттан кымбат баада ташылып келгендиктен, атамекендик фармацевтикалык завод куруу бүгүнкү күндүн талабы болгон. Буга чейин бизден “физраствор” да чыкпайт деп айтылып келсе, жакында Чүйдө “Биовит” фармацевтикалык ишканасы ачылды. Жаңы завод - жогорку сапаттагы инфузиялык эритмелерди, инъекциялык ампулаларды жана көз тамчыларын чыгарууга багытталган. Анткени, дары бул - жөнөкөй товар эмес, адамдын өмүрү, ден соолугу менен байланыштуу каражат. Мында элдин саламаттыгына кам көрүү маселеси тургандыктан, аталган завод алдыңкы өлкөлөрдүн заманбап жабдуулары менен жабдылып, эл аралык стандарттарга жооп берери айтылды.
Кыргызстанда ачылган ушул ишканалардан, завод-фабрикалардан, цехтерден керек болсо өнөрканалардан чыгарылган товарлар бул – Кыргызстандын жүзү, бренди. Ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо мамлекет да, коомчулук да колдоого алуубуз керек. Атамекендик өндүрүштү колдойлу!
Пикир
Оставить комментарий