• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда административдик-аймактык реформанын биринчи этабы жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 12.11.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын биринчи этабы жыйынтыкталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин аймактарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын сектор башчысы Илясбек Айсариев билдирди.

Анын айтымында, жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын негизинде өлкө боюнча айыл аймактардын саны 452ден 231ге кыскартылып, шаарлардын саны 33кө жетти.

“Реформанын негизинде Кант жана Кара-Балта шаарларына облустук маанидеги шаар статусу берилип, Шамалды-Сай шаары кайрадан түзүлдү. Ал эми 14 шаардын аймактары жакын жайгашкан айыл аймактарынын эсебинен кеңейтилди. Жыйынтыгында административдик аймактык реформанын биринчи этабы толугу менен аяктап, өлкөдөгү айыл аймактарынын, шаарлардын чек аралары бекитилип, бүгүнкү күндө аймактар жана шаарлар өнүгүү багытына түштү”, - дейт Илясбек Айсариев.

Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформадан кийин айыл өкмөттөрдө штат 45 пайыз кыскартылды. Реформага чейин айыл өкмөттөрдө 10 миң 94 адам иштесе, реформадан кийин 6 миң 85 адам иштеп, мында 4 миңден ашык штат кыскартылган. Административдик-аймактык реформага чейин кызматкерлерге 4 млрд 800 млн сом каражат жумшалып келген болсо, азыр 3 млрд сом жумшалууда. Белгилүү болгондой, 1 млрд 800 млн сом каражат үнөмдөлүүдө. Үнөмдөлгөн каражатты толугу менен 3 жылга чейин айыл өкмөттөрдүн өздөрүндө калтыруу чечими чыгарылган.

Эске салсак, президенттин демилгеси менен ишке ашырылган административдик-аймактык реформанын максаты аймактарды туруктуу өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтын сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий