• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз-Түрк биргелешкен ооруканасын башкарууга багытталган мыйзам долбоору жактырылды

Коом 0

Бишкек, 05.03.19 /Кабар/. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз-Түрк өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, биргелешкен оорукананы башкарууга багытталган мыйзам долбоору каралды.

Маалыматка караганда, сөз болуп жаткан 72 орундуу достук ооруканасынын кызматынан жергиликтүү жарандар менен катар эле башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү да пайдалана алышат. Ооруканада жогорудагы 72 орундан тышкары, 21 орундуу реанимациялык бөлүм да иштемекчи. Тараптар 3 жыл бою оорукананы биргеликте башкарып иш алып барышат. Ошондой эле жыл сайын 20дай кыргыз дарыгерлерин медициналык адистиктер боюнча Түркияда окутуу иштери да жүргүзүлмөкчү, - дейт Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Ошол эле макулдашууда мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын башкаруудагы жана каржылоодогу жаңы принциптерди жана программаларды ишке ашыруу баяндалат. Талкууда депутат Аида Исмаилова келишимдин долбоору адеп келгенде башкача жазылса, азыр эмне себептен өзгөрүп кетеендигин тактады.Ошондой эле жеке өзүнүн берген сунуштары эмнеге эске алынбай калгандыгынын себептерин сурады. Каржылык автономиянын айырмачылыктарын аныктоону да талап кылды.

Депутат Альфия Самигуллина ММКФна төлөнүүчү каражаттардын көлөмү ошол достук ооруканасына кайрылууга жетер – жетпесине, бул багыттагы атайын келишимдин бар – жогуна кызыкты.

Депутат Алмазбек Токторов макулдашуудагы юридикалык элементтер канчалык деңгээлде эске алынгандыгын сурап, жергиликтүү окуу жайларды аяктаган дарыгерлердин дипломдору таанылаар – таанылбастыгын тактады.

Талкуу жыйынтыгында «2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган КР Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле КР жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда комитеттин жактыруусуна ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий