• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алууну каалагандардын саны өсүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алууну каалагандардын саны өсүүдө . Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

“Айдоочулук курамды тестирлөө” автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматы боюнча 2024-жылдын биринчи жарымында 30 миң 634 талапкер теориялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 миң кишиге көп. Былтыр 26 миң 307 талапкер экзаменден ийгиликтүү өткөн.

Статистика көрсөткөндөй, бардыгы эле экзаменди биринчи жолу тапшыра албайт. 2023-жылдын алты айында 12 миң 171 талапкер теориялык экзаменди биринчи жолу өтүүдө ийгиликтүү тапшырган. 6 569 адам экинчи жолкусунда өтсө, 3 691 киши үч жолу аракет кылып сынактан өткөн. Ал эми 3 876 талапкер үчтөн ашык экзаменге катышкан.
Жыл башынан бери теориялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган 30 634 талапкердин 15 653ү биринчи аракетте ийгиликтүү өткөнүн айтылды.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 1-январынан тарта системада талапкерлер теориялык экзаменди рекорддук санда тапшырган учурлар катталган. Талапкерлердин бири 28-жолу гана ийгиликке жетишсе, бир талапкер 32 жолу аракет кылганына карабай сынактан өткөн эмес.

Эске салсак, “Айдоочулук курамды тестирлөө” автоматташтырылган маалымат системасында ар бир талапкер үчүн тесттик суроолордун уникалдуу топтому түзүлөт. Экзаменден ийгиликтүү өтүүнү каалагандар 25 мүнөттүн ичинде 20 суроонун 18инен кем эмесине туура жооп берүүгө үлгүрүш керек.

Пикир

Оставить комментарий