• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ысык-Көлдүн жээгиндеги 100 метр аралыктагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Коом 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары Бостери жана Тамчы айылдарында уланууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев менен биргеликте жүргүзгөн текшерүүдө Ысык-Көл районунда жайгашкан пансионаттардын мыйзамсыз деп аныкталган курулмаларынын ээлери жана ижарачылары менен Нурдан Орунтаев түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш-чарага директордун орун басары Бакай Турдугулов жана Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо жана жергиликтүү аймактын Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктары катышууда.

Мындан ары да көл жээгиндеги 100 метр аралыктагы мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана аларды буздуруу боюнча иштери уланат.

Пикир

Оставить комментарий