• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын 10 өлкө менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтү 2030-жылга чейин узартылууда (тизме)

Коом 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети депутат Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген Кыргызстандын 10 өлкө менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн узартууга багытталган «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Демилгечинин айтымында, айрым өлкөлөр менен 10 өлкө менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктайт, ошондон улам аларды азыртан 2030-жылга чейин узартуу зарыл. Алар: Болгария, Кипр, Румыния, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино, Чили, Аргентина, Оман.

Мыйзам долбооруна депутаттын демилгечи болуп жатканын жашырбаган тармактык комитеттин төрагасы Исхак Пирматов өкмөттүн кайдыгерлигин сынга алды. «Ушу кантип болсун, депутат эстейт дагы, өкмөт өкүлдөрү билмексен болуп отурушат. Мындай маанилүү маселени тийиштүү мамлекеттик органдар көзжаздымда калтырбашы керек», - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий