• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүгө 4 млрд сомго жакын каражат бөлүү пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө 4 млрд сомго жакын каражат бөлүү пландаууда, - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын аймактарынын социалдык-экономикалык потенциалын арттыруу максатында чакан долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демонстрациялык борбордун ачылышында.

Аталган иш-чара Айыл чарба министрлиги менен "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" тарабынан уюштурулуп, анда Бакыт Төрөбаев ар бир районго аймактарга ылайыкталган чакан кайра иштетүүчү айыл чарба өндүрүштөрүн ачуунун зарылдыгын белгиледи.

"Агроөнөр жай комплексин насыялоо долбоорунун алкагында кийинки жылга айыл чарба багытындагы кайра иштетүүчү чакан, орто өндүрүштү өнүктүрүү, аймактардын социалдык-экономикалык абалын көтөрүү үчүн бюджеттен 4 млрд сомго жакын каражат бөлүүнү мерчемдеп жатабыз. Агрегаттарга 2% менен дыйкан-фермерлерге 1,5% менен берилет. Мурда Агроөнөр жай комплексин насыялоого каралган каражаттар Бишкек, Чүйдө эле иштетилип, аймактарга жетпей калчу экен. Биз эми бул каражаттарды аймактарга да буруп, кайра иштетүү тармагындагы орто-чакан ишкерликти колдого алабыз. Мындан сырткары, райондук фондго каралган 30 млн сомдун 5 млн сому дагы айыл чарба багытындагы долбоорлорго жумшалат. Ушул каражатты дагы дыйкан-фермелер жакшынакай долбоор жазып келип алышса болот”, - деди ал.

Демонстрациялык борбор ишкерлерге, фермерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аймактарда чакан жана орто өндүрүштөрдү ачуу, продукцияларды кайра иштетүү жана чыгаруу боюнча бизнес долбоорлордун ийгиликтүү мисалдарын көрсөтүп, алардын өнүгүүсүн талкуулап, эл аралык инвестицияларды тартууга жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий