• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда айрым сабактар Сингапурда басылып чыккан китептер менен өтүлөт

Билим 0

Бишкек, 26.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо максатында 6-июнда Сингапурдун Marshall Cavendish басмасы менен келишим түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында министрдин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, алынган мөөнөтсүз лицензия аркылуу математика (алгебра, геометрия), илим (табият таануу, физика, химия, биология), англис тили предметтери боюнча иштелип чыккан окуу-методикалык комплекстер басылып чыгат.

“Бүгүнкү күндө бул китептер англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которулууда. Китептер эки жылдын ичинде даярдалып, жетиштүү нускада басылат. Ошону менен катар алардын электрондук версиялары да даярдалат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий