Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү 50%га жеткирүү пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү 50%га жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин айыл чарбасын, айыл аймактарын өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңешинин жумушчу тобу менен жолугушууда айтылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, суу пайдалануу системасын жакшыртуу жана кайра иштетүү өнөр жайын модернизациялоо зарылдыгын баса белгиледи.

Ошондой эле ал учурдагы жаратылыш ресурстарын пайдалануунун натыйжасыздыгын баса белгилеп, мамлекет тарабынан 614 миң гектар жерди жемиштүү пайдалануу үчүн бөлүнүп берилиши жөнүндө кеңири айтып, кийинки жети жылдын ичинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү 5 пайыздан 50 пайызга чейин көбөйтүү максатын койду.

"Мындан тышкары, министрлер кабинети ири көлөмдөгү товар өндүрүшүн кубаттап, дыйкандардын ассоциацияларын түзүүнү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнү пландаштырууда", - деди Төрөбаев.

Өз кезегинде жумушчу топ министрлер кабинетине айыл чарба жана айыл аймактарын өнүктүрүү жаатындагы натыйжалуу саясатты иштеп чыгууда колдоо көрсөтүүгө умтулгандыгын тастыктады.

Белгиленгендей, өнөктөштөрдүн Координациялык кеңешинин жумушчу тобунун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен кызматташтыгындагы аракеттери Кыргызстан туш болгон айыл чарба көйгөйлөрүн чечүүдө негизги ролду ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий