• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда акыркы суткада 483 адамдан коронавирус табылып, 8 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 9-августка карата коронавирус дагы 483 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 281, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 31, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 19, Ысык-Көл облусунда – 71, Жалал-Абад облусунда – 57, Баткен облусунда – 9 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 1 миң 360 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 8 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 850 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 564 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 169 миң 500 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 158 миң 285 киши айыгып чыкса, 2 миң 407 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий