• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өткөн сутка ичинде 10 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 05.07.20. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде 10 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынан – 4 бейтап (3 эркек - 64 жашта, 66 жашта, 69 жашта, 64 жаштагы аял), Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (60 жаштагы эркек), Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (80 жаштагы аял), Москва аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (35 жаштагы эркек), Токмок аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (59 жаштагы аял), Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (62 жаштагы аял), Кочкор аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (81 жаштагы эркек) илдеттен каза болду.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 7377ге жетти. Алардын ичинен 1097си медицина кызматкери. Илдеттен 2802 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 88 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий