• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстанда акыркы жылдары маданий мекемелерге өзгөчө көңүл бурулууда

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 3 жылдан бери маданий мекемелерге өзгөчө көңүл бурулууда. Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери аларга музыкалык аспаптарды алууга мамлекеттик бюджеттен акча каражаты каралбай келген.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нур Өмүрбаевдин айтымында, Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык-симфониялык оркестрине мамлекет тарабынан заманбап үлгүдөгү урма аспаптар сатып алынды.

Аталган оркестрдин музыканты Марат Жунушов жаңы синтезаторлор да келгенин кубануу менен белгилеп, бул жабдуулар музыка жазганга абдан керектигин айтты.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын оркестринин артисти Гүлнур Калмамбетованын пикиринде, бузулуп калган эски аспаптарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүп ойноп келишкен. Эми жаңы үйлөмө аспаптарды колдонуп, жаңы чыгармалардын үстүндө иштешүүдө.

Ал эми дирижер-коюучу Захар Бутенко биринчи жолу баалуу аспаптар сатылып берилгендигине токтолуп, музыканттардын атынан ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий