• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанга Пакистандан Каракорум шоссеси аркылуу алгачкы жүк ташуучу унаа келди

Коом 0


Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Күн мурун, 5-декабрда Пакистан – Кытай – Кыргызстан маршруту боюнча Кыргызстанга Пакистандан алгачкы жүк ташуучу автоунаа келди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы каттамды тосуп алуу иш-чарасына министр Тилек Текебаев жана Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам катышты.

Бул маршруттун жанданышы 1995-жылдын 9-мартында Кыргызстан, Кытай, Казакстан жана Пакистандынн ортосундагы кол коюлган төрт тараптуу транзиттик келишимдин негизинде ишке ашты. Төрт тараптуу келишимге 28 жыл болгонуна карабай Кыргызстандан да, Пакистан тараптан да бир дагы каттам болгон эмес.

Белгиленгендей, көп жылдан бери аткарылбай келген келишимди жүзөгө ашыруу министр Тилек Текебаевдин Пакистандын элчиси Хассан Али Заигам менен жолугушуусу түрткү болгон. Анда каттамды жандандыруу боюнча биргелешкен суйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Карачи жана Гвадар деңиз портторуна чыгууга мүмкүнчүлүктөр талкууланган.

Ачылышта министр Текебаев элчи Хассан Али Заигамга эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук байланышты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Хасан Али Заигам каттамды ишке ашырууда ар тараптуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн Транспорт министрлигине терең ыраазычылык билдирдип, каттамдын ачылышы Кыргызстан менен Пакистан ортосундагы транспорттук кызматташууда өзгөчө күн экенин белгиледи.

Мындан тышкары, ал Кыргызстандын жүк ташуучуларынын Пакистанга келишин кубануу менен тосуп алышаарын жана алар Карачи жана Гвадар портторунун кызматтарын колдоно алышарын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий