• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда алгачкы заманбап балет труппасы түзүлөт

Маданият 0

Бишкек. 11.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда алгачкы жолу 40 бийчиден турган классикалык балет жана заманбап бий элементтерин камтыган заманбап балет труппасы түзүлөт.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, классика жана заманбап бийи синтездешкен балет труппасына 18ден 25 жашка чейинки улан-кыздар кастинг жолу менен кабыл алынат. Кастинге катышууда жарандык чектелбейт.

Кастинг 2024-жылдын 3-4-апрель күндөрү Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореграфиялык окуу жайында өтүп, советтик жана орусиялык хореограф, "Тодес" эл аралык балетинин негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси Алла Духованын төрагалыгы менен жана башка белгилүү хореографтардын катышуусунда өтөт.

Жаңы түзүлгөн балет труппасы Токтогул Сатылаганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын штатына кабыл алынып, Кыргызстандагы алгачкы заманбап балет трупасы болот.

Пикир

Оставить комментарий