Кыргызстанда алгачкы жолу боор алмаштыруу. Бейтаптардын боору 1 кг чейин өстү – Бейшеналиев

Ден соолук 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда алгачкы жолу боорун алмаштыруу боюнча операция жасаткан бейтаптардын боору 1 кг чейин өстү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 25-июнда Кыргызстанда боорду ийгиликтүү трансплантациялоо операциясынан кийин биринчи донорду ооруканадан чыгарып жатып билдирди.

Анын айтымында, акыркы 15 күндүн ичинде хирург, трансплантолог, гастроэнтеролог жана реаниматологдор боору трансплантацияланган бейтаптардын абалын кылдаттык менен көзөмөлдөштү. Бардык текшерүүлөр, анын ичинде гемодинамикалык жана биохимиялык анализдер, ошондой эле УЗИ жана компьютердик томографиялык изилдөөлөр жакшы жыйынтыктарды көрсөттү.

“Донорлордун жана реципиенттердин боорлору ийгиликтүү иштеп жатат. Бир бейтаптын трансплантацияланган боору 450-500 граммдан 800 граммга, экинчисинде 1 килограммга чейин өскөн. Бул операциялардын оң натыйжасын көрсөтүп турат”, - деди министр.

Белгилей кетсек, бир бейтапка боорду алмаштыруунун баасы операцияга чейинки текшерүүлөрдү, операциянын өзүн жана андан кийинки реабилитациялык мезгилди кошкондо 50 миң АКШ долларын түзөт. Бул чыгымдар президенттик фонддун эсебинен жабылып, операция жасата тургандарга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

Бейшеналиев белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 17 миңдей адам боор оорусунан жапа чексе, анын жарымы трансплантацияга муктаж. Андыктан шайкеш донорлорду издөө улантылууда. Мыйзам боюнча программага туугандык донорлор гана катыша алат.

“Саламаттык сактоо министрлиги кийинки бейтаптарды операцияга даярдоону улантууда, аны июль айында өткөрүү болжолдонууда. 15 адамдын ичинен төрт реципиенттин шайкеш донорлору бар, алар учурда операцияга чейинки бардык зарыл текшерүүлөрдөн өтүп жатышат”, - деп кошумчалады Алымкадыр Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий