• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Кыргызстанда апта ичинде 19,3 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда апта ичинде 19 миң 378 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Анын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 1108;
-Мас абалында унаа башкаруу - 221;
-Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 64;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 581;
-Унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3044;
-Авто ээнбаштык - 9;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3302;
-Жалган мамлекттик номери менен унаа башкаруу - 9;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –11040;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1584 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий