• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда ата-энелер мектептерде окууну 1-сентябрдан баштоо боюнча петиция топтоодо

Коом 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда окуучулардын ата-энелери мектептерде окууну 1-сентябрдан баштоо боюнча петиция топтоодо.

Учурда 369 адам кол койгон.

“Мен окуучунун апасы катары Кыргызстанда “1-сентябрдан 25-майга чейинки” кадимки окуу убактысын “15-сентябрдан 9-июнга чейинкиге” өзгөртүлгөндүгүнө такыр каршымын.

Мен бул жылдырууну туура эмес деп эсептейм. Курорттук мезгилди узартуу үчүн окуунун башталышы узартылганы айтылууда. Бирок, биздин кескин континенттик климатыбыз аба ырайына карата (өзгөчө сентябрь) кандайдыр бир план түзүүгө мүмкүндүк бербейт. Ал эми жаздын аягы - жайдын башталышы бизде дайыма ысык болот. Балдар жана мугалимдер аба ырайынын ысыктыгынан кыйналып калууда”, - деп жазган окуучунун апасы.

“Менин пикиримди тең бөлүшкөндөрдүн бардыгын петицияга кошулууга үндөйм", - дейт ал.

Эске салсак, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эгер билим берүү министри жылдыруу боюнча сунуш киргизсе, министрлер кабинетинин жетекчиси катары бул демилгени колдой турганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий