Кыргызстанда аз камсыз болгон 56 миңден ашык үй-бүлө эмгек акысына азык-түлүк алышты

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда 56 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр эмгек акысына азык-түлүк алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын башынан бери "Эмгектин ордуна азык-түлүк" долбооруна 10,9 миң аз камсыз болгон үй-бүлө же 56 миң адам катышкан.

Бул долбоор аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу үчүн Министрлик киргизип жаткан сапаттуу жаңы чаралардын бири.

Долбоордун катышуучулары ирригациялык системаларды, жолдорду жана жергиликтүү деңгээлдеги суу менен камсыздоону жакшыртуу сыяктуу 400дөн ашык долбоорлорду ишке ашырышты.

Пикир

Оставить комментарий