• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

УКМК: Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар делген 180 мамкызматкер иштен бошотулду

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун жана Раимбек Матраимовдун мафиясынын мүчөлөрү менен байланышы үчүн мамлекеттик органдардын 180ден ашуун кызматкери кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү жана Райым Матраимовдун мафиясы менен мүмкүн болгон байланыштарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жеке адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Камчы Асанбек жана Райым Матраимовдун мафиясы менен тымызын байланышта болгон 226дан ашык ар кандай даражадагы мамлекеттик кызматкерлердин бети ачылды. Алардын ичинен 180ден ашууну ээлеген кызматынан четтетилди жана бошотулду.

Белгилей кетчү нерсе, бир эле бажы кызматында 85 кызматкер аныкталып, анын ичинен 76 кызматкер иштен бошотулса, Ички иштер министрлигинде 26 кызматкер аныкталып, анын ичинен 14 кызматкер кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилди, жергиликтүү кеңештин 6 депутаты мандатын тапшырды, 65 кызматкер райондук мамлекеттик администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ал эми башка министрликтер менен ведомстволордо иштеген бир катар кызматкерлер аныкталып, кызматынан бошотулду.

Учурда калган аныкталган мамлекеттик кызматкерлер боюнча тиешелүү кошумча иштер улантылууда.

Биздин мамлекеттик органдарды абийирсиз, жеке кызыкчылыгын көздөгөн, ниети бузук кызматкерлерден тазалоо боюнча ушундай иштер мамлекеттин турмушунун бардык тармактарында мындан ары да жүргүзүлө берет.

Пикир

Оставить комментарий