• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Кыргызстанда ажылыкка каттоо башталды

Коом 0

Бишкек, 07.10.24. / Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда 2025-жылдагы ажылыкка бара тургандарды каттоо иштери башталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 11:00гө карата 3258 киши баштапкы 2 миң АКШ долларын жана кайтарымсыз 1200 сомун “Элдин банкка” төлөдү.

Белгиленгендей, 2025-жылы ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди өлкө боюнча бир тизмеге каттоо жүрүүдө. Талаптарга ылайык, жарандар муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарына жана райондук хатибияттарына квитанциясын жана электрондук каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Талапкерлер баштапкы төлөмдөрдү аткарбай туруп электрондук базага каттала алышпайт.

Кыргызстанга бөлүнгөн 6 миң квота толору менен банктын филиалдарындагы ажылыкка каттоо токтотулат.

Пикир

Оставить комментарий