• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чек арада 2 млн сомдук атырлар кармалды

Коом 0

Бишкек, 08.07.19 /Кабар/. Кечээ, 7-июль күнү "Чалдыбар-унаа жолу" көзөмөл өткөрмө пунктунда мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан 2 млн сомдук атырлар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Чалдыбар-унаа жолу" өткөрмө жайына 27 жаштагы Казакстандын Ж.Б. аттуу жараны башкарган "DAF XF" үлгүсүндөгү унаа келген. Унааны текшерүүдө кореялык атырлар салынган 126 куту табылган. Анын кыргыз жана орус тилиндеги аннотациясы, акциздик маркасы болгон эмес. Андан тышкары, айдоочуда ал жүктүн тийиштүү документтери жок болгон.

Жүктүн жалпы наркы 2 млн. сомдон ашкан.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин ал жүк Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы менен Мамлекеттик салык кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий