• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Мамфинкөзөмөл кызматы ОСАГО жөнүндө мыйзамды эмнеге кайрадан жылдырбоо керектигин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. ОСАГО жөнүндө мыйзам 2016-жылы эле күчүнө киргенде камсыздандыруу компаниялары жарандарга дээрлик 5 млрд. сом төлөп бермек. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Мамлекеттик финансылык көзөмөл аткаруу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов билдирди.

Анын айтымында жол кырсыгынан жабыркагандарга компенсация алуу кыйын болуп келет.

"Үч жыл ичинде 2600гө жакын киши каза таап, 260 киши күнөөкөрдөн эч кандай компенсация алган эмес. Алар азыркыга чейин соттошуп келишет. Ошол эле учурда эч ким сумманын баарын бир ала албайт. Себеби, айрым күнөөкөрлөр иштебесе, башкаларынын айлыгы аз. Үч жыл аралыгында 25 миң киши ар кандай жаракат алып, 15 миңге жакын унаа жабыркаган. Ал аварияларда жабыр тарткан жарандардын көбү адилеттүү компенсация ала албай келишет", - деди ал.

Байбосунов ОСАГО тууралу мыйзамды жылдыруу эмнеге сунушталып жатканын түшүнбөй жаткандыгын кошумчалады.

"Бул убакытта адамдар каза болуп, жаракат алышы мүмкүн. Эч ким компенсация албайт. Бүгүнкү күнү жолдордо кимдин таанышы көп болсо ошонуку туура болуп чыгууда. Эгер ОСАГО күчүнө кирсе, анда жабыр тарткан тарап бир ай ичинде кементени толук бойдон алат", - деп кошумчалады ал.

Нурлан Байбосунов белгилегендей, камсыздандыруу компаниялары жол кырсыгынан көз жумгандарга 300 миң сом, жаракат алгандарга 100 миң сом төлөп беришет.

"Эгер адам майып болуп калса, 3-топко 200 миң сом, 2-топко 150 миң сом жана 1-топко 100 миң сом берилет. Кошумчалап кетсем, бирөөнүн мал-жандыгын коюп кетсе же үйүнө, дүкөнүнө унаа кирип кеткендерге да компенсация ала алышат", - деп сөзүн аяктады Байбосунов.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин 4 депутаты ОСАГО тууралуу мыйзамды 2 жылга кайрадан жылдырууну сунушташкан.

Пикир

Оставить комментарий