• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аскер кызматкерлери майыптыгы бар Жасминге коляска белек кылышты

Коом 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Коргоо министрлигинин 35524 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары майыптыгы бар Жасмин Ахматовага 8-март — Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап, коляска жана башка белектерин беришти.

Ведомстводон билдиришкендей, белекти тапшырып жатып аскер бөлүгүнүн өздүк курамы мындан ары дагы Жасминге кам көрүү иштерин улантаарын билдиришкен.

Жасмин Ахматова 11 жашта, Жети-Таш айылында турат. Төрөлгөндө эле тубаса 2-топтогу майыптуулугу аныкталган.

Жасмин Ахматованын ата-энеси майрамга карата чоң белек болгондугун айтып, аскер кызматчыларына ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий