Кыргызстанда бүгүн мектеп бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк жана аттестаттар тапшырылды

Билим 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 28-июнда жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтер тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп 11-класстын 76 миң 244 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 127 миң 176 бүтүрүүчүсү мамлекеттик үлгүдөгү документтерин электрондук жана кагаз түрүндө алышты.

Белгиленгендей, учурда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Санариптик билим берүү борбору" мамлекеттик мекемеси негиздеген "Күбөлүк" платформасы иштеп жатат.

"Бүтүрүүчүнүн жеке идентификациялык номерин тергенде, автоматтык түрдө бүтүрүүчүнүн паспортундагы аты-жөнү системага түшөт. Эгерде бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын алуу кыйынчылык жаратпайт, анткени аны бул сайттан алууга болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий