• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мектеп директорлорун тандоо. Каалоочулар сынамык тесттен өтсө болот

Билим 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлер (ошондой эле бардык каалоочулар) сынамык тесттен өтө ала тургандыгын маалымдайт.

Сынамык тесттен төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүүгө болот.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, талапкер жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси болуп дайындалуу үчүн босого балл 60тан өтүшү керек.

Конкурска байланыштуу суроолор боюнча төмөнкү номерлерге чалса болот: 0505 110 108, 0556 110 107, 0755 112 237, 0778 112 238.

Белгилей кетсек, 12-июлда президент Садыр Жапаров мектеп жетекчилерин сынактык негизде беш жылдан ашык эмес мөөнөткө тандоо боюнча жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 966 мектепте сынак жүргөнү турат.

Кыргызстан боюнча 2 миң 333 мектеп бар.

Пикир

Оставить комментарий