• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда бөйрөк оорусунан жабыркаган балдардын саны өсүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 22.11.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Кыргызстанда бөйрөк оорусу менен ооруган балдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун уролог-дарыгери Илимбек Үсөналиев билдирди.

Анын айтымында, оорунун башкы себептери балдардын туура эмес тамактанышы жана ковиддин кесепеттери болууда.

"Эң көп жолукканы бейрөктүн таш оорусу, тагыраагы бөйрөккө таштын топтолуп калышы. Эки бөйрөк артериалдык басымды жана организмдеги суу-туз алмашуу процессин камсыз кылат. Кандын курамынан заараны жана башка уулуу заттарды сыртка чыгарат. Электролиттердин организмге сиңишин жөнгө салат. Бөйрөк, заара чыгаруучу түтүкчөдө жана табарсыкта таш кайсы бир себептерден улам туз жана органикалык кычкыл кошулмалардын топтолуп, кристаллдашканынан улам жаралат. Кристаллдар кумга, кийин ташка айланып, оору пайда болот. Ошондой эле гидронефроз оорусу дагы көп кездешүүдө. Гидронефроз бөйрөктөн зааранын чыгышынын тоскоолдукка учурашынан бөйрөк ойдуңчалары менен чөйчөкчөсүнүн чоюлушу, бөйрөк ткандарынын атрофиясы менен мүнөздөлүүчү оору.

Мындан сырткары, эң башкы себеп балдардын туура эмес тамактануусу. Балдар азыр фаст-фуддарду көп жешет. Мындан улам бөйрөк жабыркап, балдардын арасында бөйрөк оорулары көп кездешүүдө. Анан албетте, ковиддин кесепеттери да ооруга себеп болууда",-деди дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий