Кыргызстанда бачабаздык боюнча соттолгондор пенсия алуу укугунан ажыратылат

Коом 0

Бишкек, 23.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда бачабаздык боюнча соттолгондор пенсия алуу укугунан ажыратылат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, президент соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып жазаны өтөөдөн бошотулганга чейин пенсия чегерүүгө жана төлөөгө, анын ичинде ишеним боюнча пенсия төлөөгө тыюу салынган адамдардын чөйрөсүн кеңейткен мыйзамга кол койгон. Эми анын курамына баланын сексуалдык кол тийбестигине жана сексуалдык эркиндигине каршы кылмыштар үчүн соттолгондор кирди.

«Биз бүгүнкү күндө мыйзам алдындагы актыларды даярдап жатабыз. Бир ай аралыгында бул норма күчүнө кирет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий