• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүүнүн программасы бекитилди

Коом 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинети Кыргызстанда багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүүнүн 2025-2029-жылдарга карата программасы бекитилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, программа Кыргызстандын калкын сапаттуу мөмө-жемиш продукциясы менен камсыз кылуу жана багбанчылык тармагынын экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.

Бул программа КР министрлер кабинетинин 2024-жылга карата Иш-аракеттер планын ишке ашырууга жана КР президентинин жарлыгы менен аныкталган агроөнөр жай комплексин узак мөөнөткө өнүктүрүүгө багытталган.

Программанын негизги милдеттерине өнүкпөгөн жана асылдуулугу төмөн жерлерди сарамжалдуу пайдалануу, багбанчылыкты, жүзүмчүлүктү жана агро токой чарбасын өнүктүрүү кирет. Бул чаралар өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана багбанчылык секторунда экспорттук потенциалды жогорулатууга багытталган.

Программаны ийгиликтүү аткаруу үчүн фермерлерди жана ишкерлерди колдоо чаралары каралган, мисалы, мөмө-жемиш продукциясын өстүрүү жана кайра иштетүү үчүн зарыл болгон заманбап технологияларга жана ресурстарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу. Ошондой эле айыл аймактарында жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт, бул калктын жашоо деңгээлине оң таасирин тийгизет.

Пикир

Оставить комментарий