• 87
  • 90.55
  • 0.84

Кыргызстанда балдар арасында пневмония менен бронхит көбөйдү – дарыгер

Ден соолук 0

Бишкек, 15.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Акыркы жумада Кыргызстанда пневмония жана бронхит менен ооруган балдардын саны эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери Альбина Исакова билдирди.

Анын айтымында, балдар арасындагы пневмония менен бронхит оорусунун көбөйүшү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу болууда.

“Акыркы жумада Кыргызстанда пневмония жана бронхит менен ооруган балдардын саны эки эсеге көбөйдү. Биздин Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы өпкө оорулар бөлүмү 28 бейтапка гана ылайыкталган. Бирок, бүгүнкү күндө 40дан ашуун бала дарыланууда. Буга байланыштуу биз жаңы бөлүмдү ачууга даярдануудабыз. Балдар арасындагы пневмония менен бронхит оорусунун көбөйүшү, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу.

Мындан сырткары, иммунитеттин түшүп кетиши да ооруга себеп болот. Анткени, азыркы балдардын мурдагыга салыштырмалуу иммунитети төмөн. Анан дагы бир чоң көйгөй бул ата-энелердин өз алдынча дарылоо аракеттери. Анан албетте ковиддин кесепеттери оорунун күч алышына себеп болууда”, - деди дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий