• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда балдардын сөөк чучугун алмаштыруу операциясы август айында жасалат – Бейшеналиев

Коом 0

Бишкек, 29.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу жасалчу балдардын сөөк чучугун алмаштыруу операциясы август айынын башында өтөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, операция Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борборунда жасалат. Учурда атайын бөлүм даярдалып, тиешелүү жабдуулар сатылып алынды.

“Сөөк чучугун алмаштырууга төрт бейтап даярдалып жатат. Операция акысыз жасалат. Адистер буга чейин Түркиядан окуп келишкен”, - деди министр.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жылына 180-200гө жакын бала онкологиялык ооруларга чалдыкса, бул дарт менен күрөшкөн 500-600дөй бала дарыланат. Алардын 200дөйүнө жаңы диагноз коюлат. Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнүн башчысы, онколог Султан Стамбеков "Кабар" агенттигине берген маегинде ооругандардын 45-50%ы лейкоз оорусуна (ак кан оорусу, мээнин, жумшак эттердин шишиктери) кабылгандар экендигин, алардын айрымдарынын сөөк чучугу алмаштырылышы керектигин айткан болчу.

Кыргызстанда жылына 60-80 баланын сөөк чучугун алмаштыруу керек. Чет өлкөдө сөөк чучугун алмаштыруунун баасы 100 миң долларга барабар.

Пикир

Оставить комментарий