• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкектен Россиянын Сургут шаарына түз аба каттамы ачылды

Коом 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. 16-ноябрдан тарта Бишкек - Сургут - Бишкек багыты боюнча жаңы каттам ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдар "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы тарабынан Airbus А320 учагы менен жумасына бир жолу бейшемби күндөрү аткарылмакчы.

Аталган авиакомпания Бишкектен ички жана эл аралык багыттарды аткарууда: Ош, Москва, ГОА, Дели, Лахор, Исламада, Красноярск жана Сургут шаарларына үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдарды аткарат.

Пикир

Оставить комментарий