• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Азамат Жаманкулов Венгриянын парламентинде өткөн Курултайда сөз сүйлөдү

Коом 0

Бишкек, 13.08.22 /Кабар/. КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн алкагында Венгриянын парламентинде өткөн Курултайда сөз сүйлөдү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Курултайда ал Кыргызстанды дүйнө жүзүндө белгилүү кылган заманыбыздын залкары, КР эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу токтолуп, анын чыгармаларынын негизинде дүйнөгө жаңы түшүнүктөрдү алып келген, дүйнө коомчулугунун ойлонтууга, жалпы адамзаттын түйшөлтүп келген суроолорго жооп берип, андай кыйын күндөрдө бирге жеңүүгө чакырык жасаган жалпы түшүнүктөр тууралуу баян жасады.

Мындан улам, дүйнө коомчулугу мындай терс көрүнүштөрдү алдын алуунун бири катары өтүп жаткан Курултай акыл калчап, кеңешип чечим кабыл ала турган чоң аянтча жана өз учурунда өтүп жатканын белгилеп, аны уюштуруп жаткан бардык тараптарга жана Венгрия парламентине ыраазычылык билдирди.

Азамат Жаманкулов ошондой эле Кыргызстанда өтүп келе жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу айтып, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине маданий мурастарды сактоо жана өркүндөтүү багытындагы эң мыкты практика деп тааныганын айтып, тарыхы жана тамыры бир венгер элин төртүнчү жолу өтө турган Түркиядагы көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий