• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстанда Айтматовдун 90 жылдык мааракеси кеңири майрамдалууда

Коом 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. Өзбекстанда алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси кеңири майрамдалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов билдирди.

Анын айтымында, жазуучунун чыгармаларынын негизинде республиканын театрларында спекталдар коюлуп, эки өлкөнүн кинематографисттери тасма тартышууда, “Айтматов жана Өзбекстан” аталыштагы борбор бар, анын ысымы Ташкент шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылды, ошондой эле дагы бир катар иш-чараларды өткөрүү мерчемделген.

“Иш-чаранын алкагында “Ала-Тоо” журналында өзбек жазуучуларынын кыргыз тилинде “Өзбек жана кыргыз адабияты – достуктун адабияты”, ал эми “Шарк юолдузи” журналында кыргыз жазуучуларынын өзбек тилиндеги эмгектерин басып чыгарууга даярдашууда”, - деп кошумчалады элчи.

Пикир

Оставить комментарий