• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Коопсуз шаардын" маалыматтык системасы калыбына келтирилди, айыппулдарды төлөөгө болот - "Инфоком" ишканасы

Коом 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. "Коопсуз шаардын" маалыматтык системасы калыбына келтирилип, айдоочулар айыппулдарын текшерип, аны төлөй алышат. Бул тууралуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

"7-март күнү "Коопсуз шаар" маалыматтык системасынын жабдыктарында чыккан техникалык мүчүлүштүк жоюлду. Учурда айыппулдарды текшерүүгө жана төлөөгө болот", - деп билдирет "Инфоком" ишканасы.

Ошондой эле ишкана, бул мүчүлүштүктөн улам айыппулду төлөй албай калгандар, айыппулду төлөөдө берилүүчү 50%дык жеңилдетүүнү колдоно алышарын белгилейт.

"Айыпулду төлөөдө сервис иштебей турган 7-13-марттагы (алты күн) күндөр эске алынат", - деп билдиришти ишканадан.

Пикир

Оставить комментарий