• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда банктардагы насыянын пайыздык ченин төмөндөтүү сунушталууда

Экономика 0

Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Бишкекте күн мурун "Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өттү.

Парламенттен билдиришкендей, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Шарапаткан Мажитова, Марлен Маматалиев, Надира Нарматова, Айсаракан Абдибаева, Гуля Кожокулова, Камила Талиева, Мейкинбек Абдалиев, Бактыбек Сыдыков, Султанбай Айжигитов, Аида Исатбек кызы, Айбек Алтынбеков, Медербек Алиев, Динара Ашимова, Нуржигит Кадырбеков демилгеленген.

Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары, Улуттук Банктын, Экономика министрлигинин, Юстиция министрлигинин адистери, жабырлануучулар, банктардын, микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Депутат Шарапаткан Мажитова белгилегендей, сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, мыйзамда белгиленген чектен жогору пайыз менен насыя берген жактарга жоопкерчиликти күчөтүү, аларга айып пул салуу каралууда. “Ошондой эле 2010-жылы кабыл алынга мыйзамда орточо пайыздык чен 15% болсо, азыр 3% жана 7% га токтолуп жатабыз”, - деди депутат Шарапаткан Мажитова. Аны менен катар кредитор менен карызкордун соттук териштирүүсү учурунда пайыздын, туумдун өсүүсүн да токтотуу сунушталууда.

Тегерек столдо катышуучулардын бири Абдумалик Кудайбердиев учурда банктарда пайыздык чен 36%, кредиттик союздарда 60%га чейин көтөрүлүп жатканын айтып, 5000 доллар насыя үчүн 100 миң долларлык үйлөрүнөн ажырап жаткандарды мисал келтирди. Ошол эле учурда банктар акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй пайда таап жатканы айтылды. “Акыркы 2023-жылы 50млрд сом пайда алып жатасынар. Кредиттик союздар 11 млрд пайда көргөн”, - деди Абдумалик Кудайбердиев.

Мыйзам долбоору боюнча эл өкүлдөрү Гуля Кожокулова, Надира Нарматова, Айсаракан Абдибаева, Динара Ашимова өз пикирлерин билдирип, акча-кредиттик саясат багытында Улуттук банктын ишин сынга алышты. Депутаттар бул маселени талкуулоого Улуттук банктын төрагасы, Директорлор кеңешинин төрагасы катышуусу кажет дешти.

Пикир

Оставить комментарий