Бишкек, 05.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда жакынкы эки жумада бензин дагы 1,5 сомго, дизель отуну 1 сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.
Анын айтымында, мунай өндүрүүчү заводдордон жаңы баалар келе тургандыгына байланыштуу айдын экинчи жарымында баалар кандай болоору тууралуу божомол азырынча жок.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу майдын баасын түшүрүү үчүн министрлер кабинетине бир катар чараларды сунуштаган.
Пикир
Оставить комментарий