• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Будапешт шаарында Кыргыз-Венгрия стратегиялык кеңешинин 1-жыйыны өттү

Саясат 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 4-октябрында Будапешт шаарында Кыргыз-Венгрия стратегиялык кеңешинин 1-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында кыргыз тараптан делегацияны КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, венгер тараптан Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто жетектеди.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР тышкы иштер министри Казакбаев венгер тарабына жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Сийярто Кыргызстандын Венгриядагы элчилигин түзүү маселесине колдоо жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого байланыштуу КР Венгриядагы элчилигинде шайлоо участогун ачуу пландалып жаткандыгын маалымдады.

Ошондой эле Казакбаев КР президенти Садыр Жапаровдун атынан Венгриянын президенти Я.Адерге жана Венгриянын премьер-министри В.Орбанга Кыргызстанга келип кетүүгө жана 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтө турган "Европа биримдиги - Борбор Азия" 1-экономикалык форумуна катышууга чакыруусун тапшырды.

Өз кезегинде П.Сийярто Бишкекте өтө турган форумга катышуусун ырастады.

Стратегиялык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө, КР менен Венгриянын тышкы иштер министрлери штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашуусу менен Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду иштеп баштагандыгы жана фонддун уставдык капиталы 50 млн долларга чейин акырындык менен толукталып баштагандыгы жөнүндө расмий жарыялашты.

Өнүктүрүү фондунун алкагында Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү болгон айыл чарба, туризм жана башка экономикалык чөйрөлөрдө инвестициялык долбоорлор жүзөгө ашырылат.

Мындан тышкары, жакын арада Будапешт-Бишкек түз аба каттамын ачуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду, бул Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик дараметин андан ары өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү.

Тараптар соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин талкуулашты, анын кезектеги жыйынын үстүбүздөгү жылдын 2-3-ноябрында Будапешт шаарында өткөрүү пландаштырылган, ошондой эле 2021-жылдын 24-сентябрында Будапештте болуп өткөн КР менен Венгриянын ортосундагы ишкердик кеңешинин ишин талкуулашты.

Тараптар 2022-жылы Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы экендигин белгилешип, ага байланыштуу бул датага арналган бир катар иш-чараларды өткөрүүгө макулдашышты. Атап айтканда, министр Р.Казакбаев стратегиялык кеңештин кийинки жыйынын 2022-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү, жогорку жана эң жогорку денгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну, КРнын маданият күндөрүн Венгрияда жана Венгриянын маданият күндөрүн КРда өткөрүүнү сунуштады.

Кыргызстан менен Венгриянын тышкы иштер министрлери ошондой эле кыргыз студенттери үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында окуу үчүн каралган квоталардын санын 200 орунга чейин көбөйтүү жөнүндө макулдашышты. Министр Р.Казакбаев ушул жылдын октябрында Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин Stipendium Hungaricum маселелери жана Венгриянын Дипломатиялык академиясынын мамлекеттик катчысы Орсоль Паксай-Томасишти Кыргызстанда тосуп алууга жана Кыргызстанда КР ЖОЖдорунун ректорлор ассоциациясынын жана Венгриянын ректорлорунун конференциясынын форумун Кыргызстанда өткөрүүгө даяр экендигин белгиледи.

КР менен Венгриянын тышкы иштер министрлери Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги үстүбүздөгү жылдын октябрынан баштап КР жарандарына Венгрияга жана Европа биримдигинин башка бир катар өлкөлөүнө шенген визасын бере тургандыгы жөнүндө макулдашты, бул КР жарандары үчүн виза алуу процессин кыйла жеңилдетет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Афганистандагы кырдаалды талкуулашты. КР министри Р.Казакбаев Афганистан Кыргызстан үчун тарыхый коңшу жана дос өлкө экенин белгиледи.

"Кыргызстан Афганистандагы кырдаал боюнча Борбордук Азиядагы аймактык өнөктөшү Россия менен, ошондой эле регионалдык уюмдар: ЖККУ жана ШКУ боюнча милдеттенмелердин алкагында координацияланган саясат жүргүзөт", - деди Казакбаев.

Мындан тышкары, министр Р.Казакбаев П.Сийяртого Кыргызстандын афган жаштарына, аялдарга КРнын жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн 500 виза берүү демилгеси тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Венгриянын өкмөтүнүн ортосунда Stipendium Hungaricum программасы боюнча макулдашууга;

2. КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Stipendium Hungaricum программасынын алкагында 2022-2024-жылдарга карата өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга;

3. КР Тышкы иштер министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосунда Кыргыз-Венгрия стратегиялык кеңеш түзүү жөнүндө меморандумга;

4. КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Корвинус университетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга;

5. КР Венгриядагы элчилигинин жайгашуусу үчүн кыргыз тараптын пайдалануусу үчүн жай берүү жөнүндө келишимге.

Пикир

Оставить комментарий