Кыргызстанда беш айда 30 миң 326 жаранга пенсия дайындалды

Экономика 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-май айларында 30 миң 326 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинде май айында 5 114 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 284 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.

Пикир

Оставить комментарий