• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Быйыл 6 айда мамлекеттик карызды төлөөгө 15 млрд 972,1 млн сом сарпталды – Каржы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын январь-июнь айларында мамлекеттик карызды (тышкы+ички) тейлөөгө республикалык бюджеттен 15 млрд 972,1 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 15 млрд 972,1 млн сомдун ичинен 7 млрд 608,3 млн сом мамлекеттик тышкы карызды, 8 млрд 363,8 млн сом мамлекеттик ички карызды төлөөгө сарпталган.

Мамлекеттик тышкы карыз:

- Негизги сумма – 5 млрд 482,1 млн;

- Пайыздары – 2 млрд 126,2 млн.

Бардыгы: 7 млрд 608,3 млн сом

Мамлекеттик ички карыз:

- Негизги сумма – 6 млрд 303,7 млн;

- Пайыздары – 2 млрд 60,1 млн.

Бардыгы: 8 млрд 363,8 млн

“Белгилей кетсек, мурда 2020-жылга бекитилген бюджетке ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын төлөөгө 28 млрд 818,8 млн сом жумшоо пландалган. “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин бул максаттагы чыгымдарга 32 млрд 821,2 млн сом жумшоо каралган”, - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий