• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан тарта ИДПнын көлөмү 689 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча дээрлик 689 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу көрсөткүч 7%га өскөн.

Ал ИДПнын өсүшүнө тейлөө тармагындагы сооданын көлөмүнүн өсүшү таасир эткендигин белгиледи.

"ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш тейлөө чөйрөсүнө – 45%, өнөр жайдын үлүшү 18%, айыл чарбасы – 14%дан ашык жана курулуштун үлүшү 7%га жакынды түздү. "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында ИДПнын көлөмү 641 млрд сомдон ашыкты түзүп, 5%га өстү", - деди Шокенов.

Пикир

Оставить комментарий