• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Бишкектеги самбо боюнча дүйнө чемпионатына качкындар курамасы катышат

Спорт 0

Бишкек, 11.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги самбо боюнча дүйнө чемпионатына качкындар курамасы катышат. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кураманы атынан Мария Амьюлина Гедес чыгат. Ал Францияда качкын макамын алган. Буга чейин Мария Гедес Венесуеланын курамасынын катарында болуп, жаштар арасында дүйнө биринчилигинде күмүш медаль багындырган. Көз карандысыз (качкындар) спортчулардын курамасы 2016-жылдын март айында түзүлүп, Рио-де-Жанейродо өткөн жайкы Олимпиада оюндарына биринчи жолу катышкан.

Эскерте кетсек, Бишкектин "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда 11-13-ноябрь күндөрү алгачкы жолу самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө.

Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:

Эркектер: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору;

Кыз-келиндер: 50, 54, 59, 65, 72, 80, 80 кг жогору;

Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору.

Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түзөт.

1-орун- 4000 доллар;

2-орун- 3000 доллар;

3-орун- 2000 доллар.

Кыргызстандын атынан дүйнө чемпионатына 21 спортчу катышат.

Пикир

Оставить комментарий