• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Базар-Коргондогу жаңгак фестивалы 500дөн ашуун катышуучунун башын бириктирди

Аймак 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. Кечээ, 10-ноябрда Базар-Коргон районунда “Жашыл экономика–өнүгүүгө өбөлгө” аталышындагы Жаңгак фестивалы өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Жанысак Сатыбалдиев, Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өкүлдөрү, токой чарба кызматкерлери жана район тургундары катышты.

Фестивал калктын жаңгак токойлорунун өзгөчөлүгү, көп түрдүүлүгү жана аларды коргоонун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Фестивалдын алкагында “Тоолор жана аялдар” темасында сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы, мектеп окуучулары менен токой чарба өкүлдөрүнөн түзүлгөн командалардын арасында дебат оюну, “Токойлорду коргоодо кызматташтык жана лидерлик” темасындагы конференция өттү. Ага катар жаңгак жана башка азыктар коюлган жарманке уюштурулду.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн облус башчысы жаңгак токой аянттарын көбөйтүү, кайра иштетүү менен экспорттун көлөмүн арттыруудагы иш-аракеттердин жүрүшүнө токтолду. Мындан сырткары Токой чарба мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык өкүлчүлүгүнүн, токой чарбалары тарабынан калк арасында түшүндүрүү жумуштары колго алынгандыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, фестивал уникалдуу жаңгак токойлорун даңазалоо максатындагы Базар-Коргон районунда экинчи ирет уюштурулду. Облуста 34 миң гектардан ашуун табийгый түрдө өскөн жаңгак токой аянттары бар. Акыркы эки жылда облуста 265 миң түп жаңгак көчөттөрү отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий