• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда билим берүү тутумун санариптик трансформациялоо кеңешмеси өтүүдө

Билим 0

Бишкек, 04.12.22. /Кабар/. Кечээ, 3-декабрда "Кыргызстандын билим берүү системасын санариптик трансформациялоо" темасында жумушчу кеңешме башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ага билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов, министрликтин санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы, стратегиялык пландоо, мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы, "Жаңы Китеп" мекемесинин директору, алдыңкы ЖОЖдордун профессорлору, мектептердин информатика мугалимдери, усулдук бирикмелердин жетекчилери, программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар, билим берүү тармагындагы эксперттер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

"Бул иш-чаранын максаты - тажрыйба алмашуу, Кыргызстандагы билим берүүнү санариптик трансформациялоо боюнча Жол картасынын жетишкендиктерин жана келечегин талкуулоо. Долбоор 2023-2025-жылдарга Кыргызстандын билим берүү тармагын санариптик трансформациялоо боюнча конкреттүү сунуштарды камтыган жол картасын түзүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кеңешме "Таалим-Форум" коомдук фонду тарабынан КР Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө билим берүүнүн глобалдык өнөктөштүк программасы тарабынан ишке ашырылып жаткан билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн аралыктан окутуу жана инновациялар маселелерин изилдөө боюнча долбоордун алкагында өткөрүлүп жатат.

Иш-чара бүгүн, 4-декабрда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий