Кыргызстанда бир айдан соң патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотулат

Экономика 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы патенттин негизинде соода кылган ишкерлердин башка салык режимине өтүүсүнө бир ай калганын эскертет.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат.

Ишкерлер жалпы салык режимин жана бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын тандай алышат.

Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууда салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 15 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1% түзөт.

Базарларда жана кичи базарларда иштеген ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы, эгерде кирешелер акыркы 12 айда 100 млн сомдон ашпаса анда 0,1%ды түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер ККМди пайдаланууга, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө жана башка милдеттенмелерди аткарууга милдетүү.

Жалпы салык режимин тандоодо салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт.

Белгилей кетсек, стратегиялык объекттерге кирген СБКнын базарлары "Дордой" жана "Тураталы эл базары" (“Кара-Суу”) өзгөчө салык режимине өтүүгө милдеттүү.

Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, базар администрацияларынан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий