• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда бир айлыктын алкагында 700 миңден ашык аял текшерүүдөн өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 13.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда "Айымдардын ден соолугу!" бир айлыгынын алкагында 700 миңден ашык айым текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу" долбоорунун координатору Рахатбек Айдаралиев билдирди.

Ал белгилегендей, "Айымдардын ден соолугу!" бир айлыгы оорулар тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана аларды эрте аныктоого жана оорулардын татаалдашуу коркунучун азайтууга багытталган.

"Бир айлыктын максаты — 18 жаштан жогорку аялдарды жугуштуу эмес оорулар боюнча консультация алуу үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү мекемелерине барууга шыктандырууга багытталган. Долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барды. “Айымдардын ден соолугу!” бир айлыгы быйыл ийгиликтүү өттү, былтыры 400 миң адам катышкан болсо, быйыл 700 миң айым текршерүүдөн өттү. Алдын ала маалыматтарга ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 40 миңден ашык аялдын кан басымы жогору болду. Эгерде алдын албаса, 10 миңден ашык аял 10 жылдын ичинде кан-тамыр оорулары менен ооруп калат деген коркунуч аныкталды. Ал эми 5 миңден ашуун аялда кант диабети жогору экени аныкталды. Текшерүүдөн кийин ар бир аялга адистер жана дарыгерлер тарабынан кеңештер берилди”, - деди ал.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында Саламаттык сактоо министрлиги "Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу" швейцариялык долбоорунун колдоосу менен жыл сайын өтүүчү "Айымдардын ден соолугу!" бир айлыгын жарыялаган.

Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган долбоор сапаттуу баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий